Кыргызстан менен Нидерланддар суу ресурстары тармагында кызматташууну талкуулады

 Кыргызстан менен Нидерланддар суу ресурстары тармагында кызматташууну талкуулады

Бишкекте Кыргызстан менен Нидерланддар суу ресурстары тармагында кызматташууну талкуулады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлгинен кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, жолугушууга Суу ресурстары кызматынын директору Нурлан Жумаев катышты. Нидерланддардын делегациясын аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Нико Схермерс жетектеди.

Анда тараптар суу ресурстары жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечегин, анын ичинде билим алмашуу, инновациялык чечимдерди киргизүү жана жеке секторду тартуу маселелерин талкуулашты.

Атап айтсак, Нидерланддардын Deltares илимий борбору тарабынан иштелип чыккан Delft-FEWS эрте эскертүү системасын Кыргызстандын шарттарына ылайыкташтырып киргизүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Бул система учурда Казакстанда колдонулуп жатат жана ал жер көчкү, сел жана суу ташкын сыяктуу табигый кырсыктарга ыкчам чара көрүүгө шарт түзөт. Бул демилге буга чейин “Тоо диалогу” конференциясында талкууланып, заманбап мониторинг жана эскертүү системаларын түзүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленген.

Ошондой эле тараптар билим жана тажрыйба алмашуу боюнча программаларды кеңейтүүгө токтолушту. 2025-2026-жылдарга пландар, анын ичинде Нидерланддардын илимий жана техникалык институттары менен мүмкүн болгон өнөктөштүк талкууланды. Белгилей кетсек, учурда Нидерланддар элчилиги жаш суу дипломаттарын окутууну ишке ашырууда жана Борбор Азиядагы суу мекемелеринин өкүлдөрү үчүн таанышуу сапарларын уюштурууда.

Мындан тышкары, Нидерланд компанияларынын суу ресурстарын туруктуу башкарууга жана бул чөйрөдөгү актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган Кыргызстандын суу долбоорлоруна катышуу перспективалары каралды.

Связанный пост