Кыргызстан менен Мальдивдин жарандары 30 күндүк мөөнөт менен визалык талаптардан бошотулду

 Кыргызстан менен Мальдивдин жарандары 30 күндүк мөөнөт менен визалык талаптардан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Мальдив Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (26-май 2023-жылы № 109).

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 3-майында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамда тараптардын Макулдашуусуна ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары – дипломатиялык, кызматтык, жарандык паспорттордун, ошондой эле Кыргыз Республикасына кайтып келүү жөнүндө күбөлүктүн ээлери жана Мальдив Республикасынын жарандары – дипломатиялык, расмий, жарандык паспорттордун, ошондой эле убактылуу жол жүрүү документтеринин ээлери Тараптардын мамлекеттеринин аймагына кирүү, кетүү, транзиттик жана убактылуу болуу үчүн, эгер ал жакта болуунун ар бир мезгилинин узактыгы алар кирген учурдан тартып 30 күндөн ашпаса,  визалык талаптардан бошотулат.

Связанный пост