Кыргызстан менен Малайзия халал индустриясы жаатындагы кызматташтыгын кеңейтет

 Кыргызстан менен Малайзия халал индустриясы жаатындагы кызматташтыгын кеңейтет

Күн мурун Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Малайзиянын Халал өнүктүрүү корпорациясынын (HDC) башкы директору Хайрол Ариффеин Сахари менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө халал индустриясын өнүктүрүү жаатында Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу, халал стандарттары боюнча продукцияны сертификациялоо, ошондой эле сертификациялоочу органдарды аккредитациялоо маселелери талкууланды.

Малайзиянын Халал өнүктүрүү корпорациясы тарабынан Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдары үчүн атайын тренингдерди өткөрүү жөнүндө макулдашуулар жетишилди.

Связанный пост