Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчылары жолугушту
19-20-ноябрда Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон расмий сапары өтүүдө.
ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Стратегиялык диалогдун биринчи жыйынын өткөрүштү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулап, акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы кызматташуунун байкаларлык жандануусун белгилешти, ошондой эле жаңы милдеттерди жана узак мөөнөттүү пландарды аныкташты. Үстүбүздөгү жылы эки мамлекеттин лидерлери эки тараптуу үч жолугушуу өткөргөндүгү белгиленгенди.
Сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык кызматташтыкка жана айыл чарба, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштырууга өзгөчө көңүл бурулду. Эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун мындан ары карай жылдыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Тараптар ошондой эле БУУнун алкагындагы өнүктүрүү жана кызматташтык маселелери, «Бир алкак, бир жол» демилгеси жана «Борбор Азия – Кытай» форматы боюнча пикир алмашышты. Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Кыргыз Республикасы 2025–2026-жылдары ШКУга төрагалык кылган мезгилде активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлеринин Стратегиялык диалогунун биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен Билдирүүгө жана 2026-2027-жылдарга Кыргызстан жана Кытайдын тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуу программасына кол коюлду.