Кыргызстан менен Кытайдын агроөнөр жай жаатындагы кызматташтыгы талкууланды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Ганьсу провинциясынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин Төрагасынын орун басары Хо Вэйпин баштаган делегация менен жолукту.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы агроөнөр жай тармагындагы кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Анда жашылча-жемиштердин жана дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн өндүрүү боюнча кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Маселен, Ганьсу провинциясы айыл чарба багытында жогорку дараметке ээ, үрөн өндүрүүдө Кытайдын 70 пайызын камсыздайт жана илимий изилдөө институттары менен да белгилүү.
Ошол себептүү, жолугушууда Кыргызстандын Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана-карагана бадалы менен күрөшүү маселеси сөз болду. Анда жайыттарды ээлеп жаткан тикендүү алтыгана-карагана бадалын жок кылуу гана эмес, аны кайра иштетүү жолу менен тоют жана жер семирткич чыгаруу боюнча биргелешкен ишкана куруу сүйлөшүлдү.
Ошондой эле картошка өстүрүүдө Кыргызстанды Кытайдын атайын техникалары менен камсыздоо, тажрыйба алмашуу жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо сүйлөшүлүп, бул багытта эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын адистери иш алып бара турган болду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жогорудагы тармактарда кызматташуу аркылуу эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүнүн көлөмүн дагы жогорулатууга болоору белгиленди. Маселен, статистикалык малыматтарга ылайык Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода алакасы 2024-жылы 23 млрд доллар болсо, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында 22 млрд долларды түзгөн. Ал эми өлкөнүн айыл чарба продукцияларын экспорттоо эки пайызга өскөн.