Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

 Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды. Маселе элчи Нурлан Токобаевдин Кувейттин улуттук авиакомпаниясы болуп саналган Kuwait Airways компаниясынын төрагасы Абдулмухсин Салим Альфакан менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, элчи Нурлан Токобаев кыргыз тарап бул багыттагы кызматташтыкты илгерилетүүгө толук даяр экенин жана кызыкдарлыгын билдирди.

Өз кезегинде Абдулмухсин Салим Альфакан Kuwait Airways компаниясы аталган каттамды жакынкы келечекте ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын маалымдап, авиация тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда элчи Нурлан Токобаев Абдулмухсин Салим Альфаканды быйыл 30-июндан 1-июлга чейин Бишкек шаарында өтө турган “Борбор Азия – Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” форматындагы II Инвестициялык форумга катышууга расмий түрдө чакырды.

Связанный пост