Кыргызстан менен Корея салттуу кол өнөрчүлүк жаатында кызматташат

 Кыргызстан менен Корея салттуу кол өнөрчүлүк жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Корея салттуу кол өнөрчүлүк жаатында кызматташат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, министр Мирбек Мамбеталиев Чхонджу шаарынын мэри Ли Бом Сок менен салттуу кол өнөрчүлүк жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду.

Анын алкагында көргөзмөлөрдү, чебер-класстарды, тажрыйба алмашууларды жана адистер ортосунда түз байланыштарды кеңейтүү каралган. Бул кызматташтык маданий алакаларды системдүү жана туруктуу нукка буруп, айрыкча салттуу кол өнөрчүлүк, искусство жана чыгармачылык тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

“Корея Республикасы өзүнүн бай маданияты жана салттуулукту заманбап технология менен айкалыштырган өнүгүү жолу аркылуу дүйнөгө үлгү болуп келет. Кыргыз тарап бул меморандумдун негизинде мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы тажрыйба жана билимдер менен алмашууга, салттуу кол өнөрчүлүк жаатында биргеликтеги долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташтыкты чыңдоого ишеним артууда”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост