Кыргызстан менен Корея бодо малды генетикалык жактан жакшыртуу долбоорун ишке ашырат
МинКаб төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, Кыргызстанда бодо малды генетикалык жактан жакшыртуу жана жасалма уруктандыруунун потенциалын жогорулатуу боюнча долбоордун жүрүшүн жана келечегин, ошондой эле ветеринардык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууну талкуулады.
Жолугушууда долбоордун олуттуу жылышы жана анын республикада мал чарбасын өнүктүрүү үчүн мааниси зор экендиги белгиленди. KOICA жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун аракеттеринин аркасында долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн атайын топ (бирдик) түзүлүп, аны мал чарбасын жана ветеринарияны генетикалык жактан жакшыртуу тармагында чоң тажрыйбасы бар кореялык эксперт Хонг СонКоо мырза жетектей турганды маалымдалды.
Бул кадамдар жогорку сапаттагы эт жана сүт өндүрүүнү көбөйтүүгө, ошондой эле өлкөдө малдын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатууга жардам берет.
Министр KOICAга бул маанилүү долбоордо көрсөткөн колдоосу жана өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Кореянын мындан аркы кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын дыйкандарынын турмуш денгээли көтөрүлөөрүнө жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана мал чарбачылыгын жакшыртуу кызыкчылыгында долбоор ийгиликтүү аяктаарына ишенимин билдирди.