Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

«Ынтымак ордо» имаратынын алдына Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол тизилип, килем төшөлдү.

Өлкө башчылары бири-бири менен саламдашкандан кийин Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң аскердик оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.

Андан кийин лидерлер катарды кыдырып, Касым-Жомарт Токаев Ардактуу кароол ротасы менен «Салам аскер!» деп саламдашты. Мындан соң Мамлекет башчылары расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышты.

Расмий азем аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев биргелешип сүрөткө түшүү үчүн «Ынтымак Ордого» киришти жана андан соң тар курамдагы сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Связанный пост