Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Аталган Макулдашуунун максаты – инвестициялык ишмердүүлүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен тараптардын ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташууну кеңейтүү, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана капиталдык салымдар менен байланышкан мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу аркылуу алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга багытталган тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жаатында келишимдик укуктук базаны түзүү болуп саналат.