Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы Өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйыны болду

Бүгүн, 23-сентябрда, Казакстан Республикасынын Тараз шаарында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү.

Жыйындар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаиловдун төрагалыгы астында болду.

Отурумда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы маселелери каралды.

Анда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттары белгиленип, приоритеттүү тармактар аныкталып жатканын айтып сөзүн баштады.

“Эки мамлекеттин ортосундагы учурдагы ведомстволор аралык, өкмөттөр аралык жана жогорку деңгээлдеги туруктуу диалогду канааттануу менен белгилейм”, – деди ал.

Соода тармагында болсо товар жүгүртүүнүн өсүү темпи көрсөтүлгөнүн белгиледи.

“Биздин өлкөлөр бул тармактарда пайдаланыла элек потенциалга ээ экендигин эске алуу менен жетишкендиктерибиз менен токтоп калбоо керек. Ошондуктан, Өкмөттөрдүн алдына логистика, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба, энергетика жана транспорт тармагында биргелешкен ишканаларды жана долбоорлорду түзүү аркылуу өз ара соода алмашуунун көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү тапшырмасы коюлган эле”, – деди Акылбек Жапаров.

Ал эми Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстан менен биргеликте мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетип, болгон милдеттерин иш жүзүндө ишке ашырып, боордош эки элдин жыргалчылыгы үчүн бардык макулдашууларды алдыга жылдыруу боюнча максималдуу күч-аракетин жумшаарын билдирди.

Кошумчалай кетсек, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-отуруму бир жарым жыл мурда болгон. Бул жолку 11-жыйындын соңунда тараптар отурумдун Протоколуна кол коюп, Кеңештин келээрки жыйынын 2024-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү белгилешти.

Связанный пост