Кыргызстан менен Катардын социалдык кызматташуусунун жаңы багыттары белгиленди

 Кыргызстан менен Катардын социалдык кызматташуусунун жаңы багыттары белгиленди

Кыргызстан менен Катардын социалдык кызматташуусунун жаңы багыттары белгиленди. Маселе бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабировдун Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри менен жолугушуусунда талкууланды.

 

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар эки тараптуу кызматташууну бекемдөө, социалдык жана эмгек тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Айрыкча, эмгек миграциясын өнүктүрүү жана Кыргызстандын жарандары үчүн чет өлкөлөрдө ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү маселелерине көңүл бурулду.

 

Министр Кыргызстан эмгек миграциясынын багыттарын диверсификациялоого жана улуттук мыйзамдарды так сактоо менен чет мамлекеттер менен өнөктөштүктү чыңдоого кызыктар экенин белгиледи.

 

Ошондой эле ал Катар дипломатынын визити өз ара ишенимге негизделген жана жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган кыргыз-катар мамилелеринде жаңы баракты ачууга жол ачкан маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Связанный пост