Кыргызстан менен Катар кылмыштуулукка каршы бирге күрөшөт
Башкы прокурор Максат Асаналиев Доха шаарына болгон иш сапарынын алкагында катарлык кесиптеши Исса бин Саад Аль-Жафали Аль-Нуайми менен жолукту.
Прокуратурадан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү кызматташтык, коррупцияга жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле экстрадициялоо, соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жана кылмыш иштер боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү тууралуу эки тараптуу эл аралык келишимдерди түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар эки мамлекеттин прокуратура органдарынын ортосундагы практикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.