Кыргызстан менен Индия аймактык коопсуздукту талкуулады

Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Индиянын премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Аджит Довал менен жолугушту.

Өз ара кызыкчылыкты туудурган мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бир катар актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду, анын ичинде коопсуздук жаатындагы эки тараптуу кызматташтык, ошондой эле аймактык туруктуулукту камсыз кылуу, терроризмге, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Иш-чара Борбор Азия жана Индия форматындагы Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин үчүнчү жолугушуусунун алдында өттү.

Связанный пост