Кыргызстан менен ЕРӨБдүн ортосундагы кредиттик макулдашуу ратификацияланды

 Кыргызстан менен ЕРӨБдүн ортосундагы кредиттик макулдашуу ратификацияланды

Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу (Базар-Коргон шаарындагы суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо) ратификацияланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Базар-Коргон шаарындагы суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо) жана 2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин Атайын фондунун инвестициялык гранты тууралуу гранттык макулдашууну (Базар-Коргон шаарындагы суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

 

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Базар-Коргон шаарындагы суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо) жана 2023-жылдын 28-ноябрында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин Атайын фондунун инвестициялык гранты тууралуу гранттык макулдашууну (Базар-Коргон шаарындагы суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо) ратификациялоо болуп саналат.

 

Кредиттик макулдашуу менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан 3,745 миллион евро өлчөмүндө кредиттик каражаттарды берүү каралган. Кредит 15 жылга берилет, анын ичинде 4 жылдык жеңилдетилген мезгил, пайыздык ставка – жылдык 1 %, алты айлык EURIBOR.

 

Гранттык макулдашуу менен ЕРӨБ акционерлеринин атайын фондунан 4,795 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражаттарды бөлүү каралган.

 

Долбоордун жалпы наркы 8,54 миллион еврого бааланат. “Базар-Коргон шаарындагы суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруу ичүүчү суу менен жабдуу системасын реабилитациялоого, сууну эсепке алуу системасын киргизүүгө жана пайдалануу жана техникалык тейлөө үчүн жабдууларды модернизациялоого багытталган. Жогоруда аталган инвестициялар ичүүчү таза суунун жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртууга, суунун коромжулугун кыскартууга, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Связанный пост