Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун алкагында кызматташуунун финансылык моделин иштеп чыгат

Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Вашингтондо (АКШ) бир катар каржы институттарынын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрдү.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масацугу Асакава менен жолугушту.

Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкы бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн экономикалык өнүгүүсүндө негизги ролду ойноорун белгиледи.

«Биздин өкмөт мамлекеттик каржынын натыйжалуулугун жогорулатуу, жеке секторду өнүктүрүү жана коррупция менен күрөшүү боюнча реформаларды ишке ашырууга багытталган. АӨБ менен үзгүлтүксүз, конструктивдүү диалог жана техникалык кызматташуу биздин стратегиялык максаттарыбызга жетүүгө көмөктөшөт деп ишенебиз», – деди ал.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги талкууланып, Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу, ирригация тармагындагы долбоорлор, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы долбоорлор сыяктуу Кыргызстандын ири инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууга байланышкан маселелер талкууланды.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого жана тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Андан кийин министрлер кабинетинин башчысы менен Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын президенти Цзинь Лицюнь менен жолугушуу болду.

Акылбек Жапаров жүргүзүлүп жаткан реформалар, салык жана бажы жол-жоболорун башкаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын, экономикалык жөнгө салуунун натыйжалуу чараларын колдонуунун, ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттеринин кеңири спектрин жайылтуунун аркасында жетишилген өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жогорку көрсөткүчтөрүнө токтолду.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкынын башкаруучу директорунун милдетин аткаруучу Маркус Берндт менен жолугушту.

Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкы Кыргызстандын алдыңкы эл аралык каржы өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы «таза» энергетиканы киргизүү жаатында кызматташууга абдан кызыкдар. Учурда Кыргызстан өзүнүн гидроэнергетикалык потенциалынын 13%га жакынын гана пайдаланып жатат. Ошол эле учурда энергетика тармагында 1860 мегаватт кубаттуулуктагы Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу эң дымактуу жана флагмандык долбоор болуп саналат», – деген ал, энергетика тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Тараптар республика үчүн артыкчылыктуу тармактарда кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Эл аралык каржы корпорациясынын Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Афганистан жана Пакистан боюнча вице-президенти Хела Шейкроху менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу маселелери, анын ичинде энергетика тармагында, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу, жеке секторду колдоо боюнча долбоорлор талкууланды.

Связанный пост