Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну талкуулады
Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана финансы министри Алмаз Бакетаев Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президент Антонелла Бассани баштаган Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушту.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу 14-октябрда Дүйнөлүк банктын жылдык жыйындарынын алкагында өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири спектри талкууланып, негизги көңүл “Камбар-Ата-1 ГЭСи” долбоорун ишке ашырууга багытталды.
Энергетика министри Дүйнөлүк банктын жетекчилигине долбоордун учурдагы абалы тууралуу маалымат берип, иштер мөөнөтүнөн мурда жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле аймактык кызматташтык жолго коюлгандыгы белгиленди. Учурда долбоорду ишке ашыруу зонасында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөнүн белгидеди.
Министр Ибраев 2025-жылдын ноябрь айында Стамбул шаарында коңшу өлкөлөр – Кыргызстан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын өкүлдөрү менен Айлана-чөйрөгө жана социалдык таасирге баа берүү боюнча талкуулоо пландалып жатканын билдирди.
Мындан тышкары, ал Камбар-Ата-1 ГЭСти куруу үчүн донордук комитеттин мүчөлөрү менен Брюссель шаарында жолугушуу өткөрүлгөнүн белдирди.
Ошондой эле Европа инвестициялык банкы менен 500 млн доллар, Европа реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы менен 500 млн долларга чейин долбоорду каржылоо макулдашылганын айтты.