Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстандын катышуусу менен боло турган маанилүү иш-чараларды, анын ичинде БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-юбилейлик сессиясынын Жалпы дебаттарын жана БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 30-конференциясын (COP30) талкуулашты.

Асеин Исаев кыргыз тараптын улуттук өнүктүрүү максаттарына жана БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү үчүн Уюмдун агенттиктери жана программалары менен жемиштүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Өз кезегинде Граве Кыргызстан менен БУУ тутумунун ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүү жана бекемдөө боюнча жигердүү ишти улантууга даяр экенин ырастады.

Связанный пост