Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы Гаага конвенциясы күчүнө кирди

Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы Гаага конвенциясы күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талабын жокко чыгарган Гаага конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2025-жылдын 11-июнунда аталган Конвенция Кыргызстан менен Бельгиянын ортосунда расмий күчүнө кирди. Бельгия Кыргызстандын Конвенцияга кошулуусуна макулдугун билдирди.
Апостиль коюу бул өлкөлөрдүн биринде берилген документтерди экинчисинин аймагында таануу жол-жобосун жеңилдетет.
Эми жарандар жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик органдар эки мамлекетте расмий документтерди колдонуу үчүн кошумча консулдук мыйзамдаштыруу процедураларынан өтүү жокко чыгарылды.
Апостиль системасын киргизүү административдик процесстерди тездетүүгө, документтерди күбөлөндүрүүгө кеткен чыгымдарды кыскартууга жана билим берүү, ишке орноштуруу, укуктук жана бизнес-процесстер сыяктуу ар кандай чөйрөлөрдөгү бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга мүмкүндүк түзөт.