Кыргызстан менен Беларустун ортосунда 2025-2027-жылдарга кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар Планына кол коюлду

Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосунда 2025-2027-жылдарга карата кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар Планына (“Жол карта”) кол коюлду.

Кыргыз-беларусь кызматташтыгын өнүктүрүүгө байланышкан документке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак видео-конференц байланыш аркылуу кол коюшту.

Анда, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь биргелешкен комиссиясынын теңтөрагалары Бакыт Төрөбаев менен Анатолий Сивак, кызматташтыктын бардык багыттарын камтыган бул документтин маанилүүлүгүн белгилешип, Жол карта биринчи кезекте соода, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба жана транспорттук-логистика тармагындагы пайдаланылбаган потенциалды ачууга мүмкүндүк берээрин билдиришти.

Ошондой эле, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү Жол картасын жигердүү жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Кыргызстан менен Беларустун тиешелүү мамлекеттик органдарына тапшырмалар берилди.

Связанный пост