Кыргызстан менен БАЭ соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдө

 Кыргызстан менен БАЭ соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Астана шаарында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы соода министри Тани бин Ахмед Аль Зайуди менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-эмират кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу, энергетика, айыл чарба, логистика, туризм, санариптик экономика, инфраструктура тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Өзгөчө ЕАЭБ алкагында кызматташууну өнүктүрүүдөн келип чыккан мүмкүнчүлүктөргө жана ЕАЭБ менен БАЭ ортосундагы Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун күчүнө кирүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.

Тараптар мындан ары практикалык ишке ашыруу үчүн конкреттүү багыттарды жана долбоорлорду аныктай турган кыргыз-эмират өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын алдыдагы үчүнчү жыйынынын маанилүүлүгүн белгилешти.

Кыргыз тарап Бириккен Араб Эмираттары менен узак мөөнөттүү кызматташуунун деминде өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

Связанный пост