Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн келечеги талкууланды

 Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн келечеги талкууланды

Күн мурун Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов Азербайжанжын экономика министринин биринчи орун басары Элнур Алиев менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык маселелери, атап айтканда азербайжан тараптын Кыргызстандын энергетика тармагында долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жана эки өлкө ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуунун келечеги талкууланды.

Маектештер ошондой эле Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго, ошондой эле Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Каспий деңизи – Азербайжан багыты боюнча транспорттук коридорду өнүктүрүүнүн айрым аспектилерине токтолушту.

Связанный пост