Кыргызстан менен АКШ инвестициялык кызматташтыкты бекемдейт

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Фархат Иминов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту.
Агенттиктин маалыматына ылайык, анда өлкөдө иштеп жаткан америкалык инвестициялык демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, All American Rail Group Global Infrastructure Partner LLC консорциумунун жана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын катышуусу менен Макмал – Каракол темир жол долбоорун “долбоордук кум коргон” принцибинин алкагында ишке ашыруу маселеси талкууланды. Бул долбоор өлкөнүн транзиттик потенциалын бекемдөө үчүн стратегиялык мааниге ээ экени айтылды.
Элчи өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, бизнес жүргүзүү жана долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу процедуралык тоскоолдуктарды жөнөкөйлөтүү зарылдыгына токтолду.
Ошондой эле жолугушууда санариптик экономикага жана криптовалюта сектору да каралды. Белгиленгендей, 2022-жылы Кыргызстанда “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. 2024-жылдын аягына карата өлкөдө криптовалюталардын жүгүртүүсү 7 млрд долларды түздү. Кыргызстан азыркы тапта блокчейн технологияларын, тоо-кен казып алуу, жасалма интеллект (AI) жана санариптик активдерди өнүктүрүү багытында Борбор Азиядагы алдыңкы өлкөлөрдүн бири.
Америкалык тарап 2026-жылы санариптик сомдун киргизилишин региондогу эң инновациялык кадамдардын бири катары баалап, Кыргызстандын санариптик трансформацияга болгон умтулуусун айгинелегенин белгиледи.
Фархат Иминов агенттик америкалык жана башка эл аралык өнөктөштөргө Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.