Кыргызстан менен Афганистандын ортосунда кызматтарды жеткирүү боюнча 11 макулдашууга кол коюлду

 Кыргызстан менен Афганистандын ортосунда кызматтарды жеткирүү боюнча 11 макулдашууга кол коюлду

18-декабрда Афганистандын борбору Кабулда Кыргыз-афган бизнес форуму өттү. Иш-чара Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы “Кыргыз экспорт борбору” Афганистандын Соода жана инвестиция палатасы менен биргеликте уюштурулду.

Форумдун жыйынтыгында жалпысынан 157 млн долларлык товарларды жана кызматтарды жеткирүү боюнча 11 макулдашууга кол коюлду. Документтер телекоммуникация жабдуулары, цемент, бут кийим, дары-дармектер, бал, айыл чарба продукциялары, ошондой эле логистика жана транспорттук кызматтар сыяктуу тармактарды камтыды.

Бизнес форумга Кыргызстан менен Афганистандын мамлекеттик органдарынын жана ишкер чөйрөлөрүнүн 100дөн ашык өкүлү катышты.

Макулдашууга кол койгон компаниялар:

  • “Кыргыз Агро Холдинг” ААК — айыл чарба багытында кызматташуу (2 макулдашуу)
  • “Фармзавод Биовит” ЖЧКсы — дары-дармектерди өндүрүү жана жеткирүү (2 макулдашуу);
  • “Декодер +” ЖЧКсы — коопсуздук, радиобайланыш жана видеобайкоо системалары (1 макулдашуу);
  • “Медовая Артель” ЖЧКсы — балды өндүрүү жана экспорттоо (1 макулдашуу);
  • “Терек-Таш” ЖЧКсы— курулуш жана биргелешкен ишкананы түзүү (1 макулдашуу);
  • “Кара-Балта бут кийим фабрикасы” ЖЧКсы — бут кийимдерди экспорттоо (1 макулдашуу);
  • “Компас Экспресс” ЖЧКсы — логистика жана жүк ташуу (2 макулдашуу);
  • “Караван Логистик” ЖЧКсы — логистика жана транспорттук кызматтар (1 макулдашуу).

Кыргыз делегациясын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жетектеди. Министрдин сапарынын жүрүшүндө Кабулда Кыргызстандын соода үйү ачылып, Афганистандын мамлекеттик органдарынын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар өз ара сооданы кеңейтүү, экспорттук кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Афганистандын Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандум соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды колдоого жана экспорт, инвестиция жана өнөр жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.

“Кабар” маалымат агенттигине “Кыргыз Экспорт борборунун” директору Урмат Такиров кол коюлган документтер ниеттенүү мүнөзүн билдирерин айтты.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост