Кыргызстан менен Өзбекстан айыл чарба кызматташтыгын күчөтүүдө
Ташкентте өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн айыл чарба министрлеринин жыйынынын алкагында Өзбекстандын айыл чарба министри Иброҳим Абдурахмонов Кыргызстандын cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Асел Кенембаева менен жолукту. Бул тууралуу өзбек мекемесинин маалымат кызматы билдирди.
Тараптар суу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, үрөнчүлүк жана картошка өндүрүү тармагында тажрыйба алмашуу, мал чарбасын өнүктүрүү жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Кыргыз тарап Өзбекстандын агрардык тармакты санариптештирүүдө колдонуп жаткан Agroplatforma жана Agrosug‘urta системаларына кызыгуусун билдирди. Ошондой эле эки өлкөнүн илимий-изилдөө мекемелери жана жаш адистери ортосунда кызматташтыкты күчөтүү тууралуу макулдашуу болду.
Жолугушуунун соңунда тараптар айыл чарба кызматташтыгы Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө болорун белгилешти.