Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары бир катар документтерге кол коюшту
![Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары бир катар документтерге кол коюшту](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/11/0a11c61c-aca0-454f-b7f4-2126816e9491_730x400.jpg)
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен расмий иш сапары менен Бишкекке келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюшту.
– Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге;
– КР министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга;
– КР Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен Өзбекстандын Суу чарба министрлигинин ортосундагы суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга;
– КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Өзбекстандын “Узархив” агенттигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга;
– КР ТИМинин Дипломатиялык академиясы менен Борбордук Азия эл аралык институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга;
– эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун 2023-2024-жылдарга кызматташуу программасына.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки өлкөнүн ТИМ башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышты.