Кыргызстан мектеп курууга Сауд өнүктүрүү фондунан 50 млн доллар алат

Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда “Мамлекеттик мектептерди куруу” долбоору боюнча 50 млн доллары суммасында кредиттик келишимге кол коюлду.

Келишимге Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев Сауд өнүктүрүү фондунун башкы директору Султан Абдурахман Аль-Маршад кол койду.

Долбоордун башкы максаты жарандардын сапаттуу билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап мамлекеттик мектептерди куруу аркылуу социалдык инфраструктураны өнүктүрүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында Бишкек шаарында 5 жаңы мектеп жана 7 кошумча окуу корпусу, ошондой эле Чүй облусунда 2 мектептин курулушу пландалууда. Бул объекттердин сыйымдуулугу 150дөн 1000 орунга чейин ылайыкталат.

Тараптар Сауд өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлордун учурдагы абалын талкуулап, алардын Кыргызстандын социалдык жана экономикалык инфраструктурасын бекемдөөдө маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, тараптар туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган жаңы демилгелерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу багытындагы келечектүү кызматташтуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга өзгөчө көңүл бурушту.

Связанный пост