Кыргызстан Кытайга карагат, малина жана бүлдүркөн экспорттой алат

 Кыргызстан Кытайга карагат, малина жана бүлдүркөн экспорттой алат

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ата мекендик мөмө-жемиштерди Кытай рыногуна экспорттоого мүмкүндүк берген фитосанитардык протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Документ кыргызстандык өндүрүүчүлөргө жаңы терилген малинаны, кара бүлдүркөндү жана карагатты Кытайга расмий экспорттоого жол ачат.

Ушуга байланыштуу дыйкандарга экспортко багытталган, жогорку киреше алып келүүчү бир катар сортторду өстүрүү сунушталат:

Малина:

  • энросадира (Enrosadira);
  • шехиба (Shehiba);
  • полонез (Polonez).

Кара бүлдүркөн:

  • лох-Несс (Loch Ness);
  • натчез (Natchez).

Карагат:

  • алтын түстүү карагат (Золотистая смородина);
  • тибен (Tiben);
  • тизел (Tisel).

Бул сорттор ремонтанттуулугу жана жогорку транспортабелдүүлүгү менен айырмаланат. Мөмөлөрүнүн бекемдиги аларды ташуу жана сактоо учурунда товардык көрүнүшүн, сапатын жана даамдык өзгөчөлүктөрүн узак убакытка чейин сактоого мүмкүндүк берет.

Связанный пост