Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди

 Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди

Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Кытай — Борбордук Азия” 11-кызматташтык форумунун алкагында Кытайдын Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрайымы Шэнь Юэюэ менен болгон жолугушууда билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну талкуулашты.

Эдил Байсалов белгилегендей, эки өлкөнүн лидерлеринин жетекчилиги астында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жигердүү өнүгүүнү улантып, эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн кезектеги этабы болуп саналат.

Кыргыз делегациянын башчысы министрлер кабинети тарабынан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн 21 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилгендигин билдирди. Бул чара элдик дипломатия тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтөт жана Кыргызстандын бүгүнкү күндө эң популярдуу туристтик рыногу үчүн жагымдуулугун жогорулатат.

Эдил Байсалов учурда Кыргызстанда кытай тарап менен ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде инфраструктура, энергетика, өнөр жай, ошондой эле билим берүү тармагындагы долбоорлорду канааттануу менен белгиледи.

Ал мисал катары Кыргызстанда жакында эле И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ачылган “Лу Бань цехин” түзүү боюнча ийгиликтүү кызматташуу тажрыйбасын келтирди.

Өз кезегинде Кытайдын Элдик Саясий Консультативдик Кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ ар кандай чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кызыкдар экенин белгилеп, Кытайдын демилгелерин колдогону үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Андан ары Эдил Байсаловдун Кытайдын Нинся-Хуэй автономдуу районунун партиялык комитетинин катчысы Ли Ифэй менен болгон жолугушууда аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле эки тарапты тең кызыктырган конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууда практикалык өз ара аракеттенүү маселелер талкууланды. Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин атынан Эдил Байсалов парткомдун катчысын Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Тараптар Чүй облусу менен Нинся-Хуэй автономдуу районунун, ошондой эле Бишкек жана Иньчуань шаарларынын ортосундагы боордоштук мамилелердин алкагында кызматташуу акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилешти.

Мындан тышкары, Нинся-Хуэй автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында минкаб төрагасынын орун басары жаңы технологияларды колдонуу менен айыл чарба тармагындагы бир катар ири ишканаларды, көмүр жана химиялык өнөр жай, анын ичинде алдыңкы технологияларды колдонуу менен суутек өндүрүү, ошондой эле инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүүнүн ыкмалары менен таанышты.

Связанный пост