Кыргызстан кино өндүрүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирди
CREATOR: gd-jpeg v1.0 (using IJG JPEG v80), quality = 100
Ата мекендик кинематография өндүрүшү тез өнүгүп жаткан учурда аймактардагы кинотеатрлардын инфраструктурасын модернизациялоо маселеси стратегиялык жактан маанилүү. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Ал өлкөнүн дүйнөлүк аренада уникалдуу жетишкендиктерин белгиледи. Маселен, жыл сайын Кыргызстанда 80ден 100гө чейин тасмалар тартылат.
“Дүйнөдөгү акыркы рейтингге ылайык, Кыргызстан калктын санына жараша эсептегенде ата мекендик тасмаларды өндүрүү боюнча алдыңкы бештикке кирет,” – деп белгиледи Марат Тагаев.
Ошондой эле ал кошумчалагандай, республика боюнча бүгүнкү күндө 37 кинотеатр иштейт. 2024-жылы аларды оптимизациялоо чечими кабыл алынган: 20 объект жеке инвесторлорго эффективдүү пайдалануу максатында ижарага берилген.
Кинематография департаментинин карамагында облуста жайгашкан дагы 10 кинотеатр бар. Министрлик аларды да ачык аукцион аркылуу жеке жактарга берүүгө даяр экендиги белгилүү болду.