Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы азык-түлүк баалары салыштырылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 24-сентябрга карата Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы азык-түлүк товарларына болгон баага салыштырмалуу мониторинг жүргүздү.
Анда нан азыктарынын, жашылча-жемиштердин, эт жана сүт азыктарынын, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы жана башкалардын баалары салыштырылды.
Анда Кыргызстаннда жашылча-жемиштердин, айрыкча сабиз, пияз жана картошканын бааларынын төмөндөгөнү байкалган.
- жумуртка – 97,5 сом;
- картошка – 39,7 сом;
- буудай уну (1-сорт, жергиликтүү) – 35 сом;
- кумшекер – 76,6 сом;
- макарон (спагетти) – 73,3 сом;
- нан азыктары – 95,9 сом;
- өсүмдүк майы – 151,6 сом;
- сабиз – 49,4 сом;
- пияз – 32,5 сом;
- күрүч – 142,7 сом;
- кой эти – 673,4 сом.
Казакстандагы баалар:
- өсүмдүк майы – 176 сом;
- пастерленген сүт – 104,6 сом;
- кой эти – 716,5 сом;
- картошка – 32,8 сом;
- кумшекер – 93,7 сом;
- уй эти – 761,3 сом;
- пияз – 26,5 сом;
- макарон (вермишель) – 91,2 сом;
- жумуртка – 108,4 сом;
- сабиз – 34,6 сом.
Россиядагы баалар:
- жумуртка – 120,2 сом;
- уй эти – 672,3 сом;
- буудай уну (1-сорт, жергиликтүү) – 49,3 сом;
- өсүмдүк майы – 165,6 сом;
- нан азыктары – 135,2 сом;
- картошка – 68 сом;
- пияз – 59 сом;
- сабиз – 61,5 сом;
- каймак май – 881 сом;
- кой эти – 810 сом;
- кумшекер – 76,7 сом;
- күрүч – 168,4 сом;
- макарон (вермишель) – 97,6 сом.