Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан электр энергиясын жеткирүү келишимине кол коюшту

Чолпон-Ата шаарында энергетикалык кызматташтык маселелери боюнча үч тараптуу отурум өтүп, анын алкагында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан 2025–2026-жылдардын жаз айларына чейин электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча протоколго кол коюшту.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, кол коюлган документ Токтогул суу сактагычындагы сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында күз-кыш мезгилинде Казакстан менен Өзбекстандан Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча тараптардын милдеттенмелерин белгилейт. Ошондой эле, Казакстандын энергетикалык системасы аркылуу Россиядан жана Түркменистандан келген электр энергиясын Өзбекстандын энергосистемасы аркылуу Кыргызстанга өткөрүп берүү шарттары макулдашылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев сөз сүйлөп, коңшу өлкөлөр менен тыгыз кызматташтыкты улантуунун маанисине токтолду:

“Биз элдерибизди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу жана аймактагы энергетикалык коопсуздукту чыңдоо максатында биргелешкен аракеттерди мындан ары да улантабыз. Өзбек жана казак кесиптештерибиз кол коюлган протоколдорго ылайык электр энергиясын берүү графигин так сактайт деп ишенем”, — деди министр.

Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда электр энергиясын жеткирүү боюнча эки тараптуу протокол да кабыл алынды.

Белгилей кетсек, отурумга үч өлкөнүн энергетика жана суу чарба министрликтеринин жана улуттук энергетикалык компанияларынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын атынан энергетика министри Т. Ибраев, орун басары Ысманов, “КУЭТ” ААКнын башкы директору Сыдыгалиев жана башка расмий өкүлдөр катышты. Ал эми Казакстан жана Өзбекстандан тиешелүү министрликтердин жана компаниялардын жетекчилери келди.

Связанный пост