Кыргызстан күйүүчү май импортунун багыттарын көбөйтүүдө

 Кыргызстан күйүүчү май импортунун багыттарын көбөйтүүдө

Өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо максатында министрлер кабинети бир катар өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Касымалиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө күйүүчү майдын 90 пайыздан ашыгын импорттойт жана геосаясий кырдаал бааларга түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Буга байланыштуу Кыргызстан Россия, Беларусь, Кытай, Азербайжан, Өзбекстан, ошондой эле Европа жана Түркия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

“Күйүүчү май боюнча айтсам, чындыгында 90 пайыздан ашыгын биз импорттоп алабыз. Геосаясий кырдаалга, Жакынкы Чыгыштагы окуяларга байланыштуу бир четинен күйүүчү май кескин түрдө кымбаттап жатат. Экинчиден Россиядан күйүүчү май алуу мүмкүнчүлүгү мурдагыдай болбой калды. Ошондуктан биз азыр көп мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, четинен алып келе баштадык.

Беларусь күйүүчү май багытында жакшы жардам берип, ал жактан алып жатабыз. Өзүңүздөр көргөндөй Кытайдан биринчи 5 автоунаа май алып келди. Кытайдан автоунаа менен эмес, поезд менен алып келүү зарыл болуп, азыр ошонун жол-жоболору боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Андан тышкары, Азербайжан менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Өзбекстандын премьер-министри менен да сүйлөштүк, айына 20 миң тоннадан күйүүчү май берүү мүмкүнчүлүгү бар экен”,- деди минкаб төрагасы.

Андан башка, Европадан, Түркиядан дагы күйүүчү май алып келинип жатканы бирок, транзит жагы оор болуп жатканы белгиленди.

“Майдын өзү кымбаттап, жолго кеткен чыгаша дагы абдан өсүп жатат. Дизелди, автоунаага газ, 92 маркадагы бензинди субсидиялоо маселеси боюнча жобо иштеп чыгып, ошондуктан кымбаттатпай бааларды кармап турабыз. Бирок, айта кетейин баалар баары бир акырындан кымбаттайт. Бааларды салыштырсаңар, Өзбекстан менен Тажикстанга салыштырмалуу 92 маркадагы дизелдин баасы бизде 20-25 сомго чейин арзан. Ошол сумманы биз бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен субсидиялап жатабыз”,- деди Касымалиев.

Связанный пост