Кыргызстан Израил менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун курчушуна тынчсыздануусун билдирди

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Израиль менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди.
«Кыргызстан эки тарапты тең максималдуу сабырдуулукка чакырып, түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн аймактагы кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келе турган аракеттерден алыс болууга чакырат», — деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, буга чейин министрлик Ирандагы жарандарды жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырган.