Кыргызстан «International Travel Show 2023» эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышууда

2023-жылдын 26-октябрында Нью-Йорк шаарында (Америка Кошмо Штаттары) «International Travel Show 2023» эл аралык туристтик көргөзмөсү башталды.
Эл аралык туристтик көргөзмө дүйнөлүк рынокто туристтик мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү үчүн эң мыкты аянтча болуп саналат. International Travel Show 2023 туризм дүйнөсүндөгү эң ири иш-чаралардын бири болуп эсептелет жана Американын эң ири заманбап шаарларынын биринде өтүп жаткан кесипкөй коомчулук үчүн арналат.
Көргөзмөдө КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан 40 чарчы метрге жакын стенд уюштурулуп, көрсөтүү үчүн стенд курулган. Көргөзмө Нью-Йорк шаарындагы Javits Center New York City борборунда өтүүдө. Кыргызстандан барган делегациянын курамында туристтик фирмалар, санаторий жана улуттук буюмдарды чыгаруучу 8 ишкана бар. Көргөзмө 2023-жылдын 26-октябрынан 29-октябрына чейин өтөт.
Бул чындыгында эле тарыхый учур, анткени Кыргыз Республикасы АКШдагы туристтик көргөзмөгө биринчи жолу катышып жатат, бул туристтердин агымын көбөйтүүгө түрткү берет.

Связанный пост