Кыргызстан Францияга шайлоо учурунда байкоочуларын жиберүүнү сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолукту.
БШКдан маалымдашкандай, Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу айтып берип, шайлоо мыйзамдарындагы негизги жаңылыктарга кеңири токтолду.
Атап айтканда, ал аралыктан добуш берүү системасынын киргизилгенин белгилеп, бул жаңы норма шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатууга жана парламентте өлкөнүн бардык аймактарынын өкүлчүлүгүн камсыздоого багытталганын баса белгиледи.
Тынчтык Шайназаров шайлоо процессинин ачык-айкын өтүшүндө эл аралык байкоочулардын маанилүү ролун белгиледи. Ал БШК бардык эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга ачык экенин жана байкоочулар үчүн шайлоого толук кандуу мониторинг жүргүзүүгө зарыл болгон бардык шарттарды түзүп берүүгө даяр экенин айтты.
“Байкоочулар үчүн бардык шарттар түзүлөт, алар өлкөдөгү каалаган шайлоо участкасында иш алып бара алышат”, – деп баса белгиледи ал.
Франциянын элчиси Николя Фай маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, Франция элчилиги расмий чакыруу алганын жана француз байкоочуларына алдыдагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн катышууну сунуштай турганын белгиледи.
Тынчтык Шайназаров ошондой эле чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандары үчүн добуш берүүгө шарт түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Ал өлкө сыртында, ошондой эле эки миңден ашуун кыргыз жараны жашаган Францияда да кошумча шайлоо участокторун ачуу каралып жатканын билдирди.
БШКнын төрагасы Франциянын элчисине жаңы шайлоо жабдууларын көрсөтүп, система шайлоону өткөрүүгө толук даяр экенин белгиледи. Ал 2025-жылдын 10-, 20- жана 30-октябрында Кыргызстандагы бардык шайлоо участокторунда, ошондой эле Россия Федерациясынын беш шаарында тесттик добуш берүүлөр өткөрүлөрүн билдирди.
Элчи Николя Фай аткарылган иштерге жогору баа берип, Кыргызстанда колдонулуп жаткан технологиялардын прогрессивдүүлүгүн белгиледи.
“Францияда шайлоолор мурдагыдай эле кол менен эсептелип өтөт. Сиздер шайлоо процессинде прогресстин алдыңкы сабында турасыздар. Биз сиздердин тажрыйбаны кызыгуу менен карап көрөбүз”, – деген дипломат шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.