Кыргызстан эт өндүрүү боюнча ЕАЭБде лидер болду

 Кыргызстан эт өндүрүү боюнча ЕАЭБде лидер болду

Кыргызстан эт өндүрүүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында өлкөдө 646,4 миң тонна эт (канаттуулардын этин кошкондо) өндүрүлгөн, бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 3,8 пайызга көп.
Өсүү темпи боюнча кийинки орунда Казакстан турат — 3,7 пайыз. Эт өндүрүүнүн көбөйүшү Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгон бардык мамлекеттерде катталган.

Связанный пост