Кыргызстан электрондук документ жүгүртүүгө өтүү менен бир жылда 382 млн сом үнөмдөгөн

 Кыргызстан электрондук документ жүгүртүүгө өтүү менен бир жылда 382 млн сом үнөмдөгөн

????????????????????????????????????

Кыргызстанда “Infodocs” электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасына 2 миң уюм кошулган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди.

Анын айтымында, аталган системаны колдонуучулардын саны 120 миңден ашкан.

“2023-жылы системада 12 миңден ашык документ катталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бир жылда мамлекет 382 млн сом үнөмдөгөн”, – деди министр.

Связанный пост