Кыргызстан ЭКСПО-2025 алкагында Осака шаарында тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-чара өткөрдү

 Кыргызстан ЭКСПО-2025 алкагында Осака шаарында тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча иш-чара өткөрдү

Кыргыз Республикасы ЭКСПО-2025 көргөзмөсүнүн алкагында Осака шаарында (Япония) тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча тематикалык иш-чара өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, JICAнын, Борбор Азия Университетинин, ФАОнун өкүлдөрүнүн колдоосу менен уюштурулган иш-чарага 90дон ашуун адам катышты, анын ичинде онлайн форматта катышуучулар болду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Атайын өкүлү Динара Кемелова сөз сүйлөп, Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин алкагында (2023–2027) Кыргызстандын демилгелерин жана иш-чараларын тааныштырып, тоолор көптөгөн аймактардын экологиялык жана социалдык-экономикалык жыргалчылыгына таасир этерин, өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргызстан менен Японияны бириктирип турарын белгиледи.

Кыргызстан ошондой эле тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсү жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюу боюнча дараметин жогорулатуу боюнча баяндамасын сунуштады. Иш-чарада Япониянын курчап турган чөйрөнү коргоо министринин улук кеңешчиси Ютака Мацудзава, профессор Кенжи Танака (Киото университетинин Кырсыктардын алдын алуу боюнча изилдөө институту), Кана Фурусава (Япониянын геопарктар тармагы), Део Радж Гурунг (Кыргызстандагы Борбор Азия университети), JICAнын өкүлү Такафуми Уэда сөз сүйлөштү.

Талкуунун жүрүшүндө туруктуу экотуризмди, геопарктарды өнүктүрүү, тоо продукциясын брендин иштеп чыгуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, тоолордогу мөңгүлөрдүн эриши жана табигый кырсыктар, ошондой эле тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугун жогорулатууда илимдин ролу сыяктуу тоолуу жамааттарды колдоо маселелери талкууланды.

Кыргызстандан келген тоо продукцияларынын көргөзмөсү да уюштурулду. Конокторго кыргыз мериносунун жүнүнөн жасалган «KYRINO» буюмдары, төө буурчактын ар кандай сорттору, өрүк жана жаңгак майлары сунушталды. Меймандар ак тоо балын, кургатылган жемиштерди, жаңгактарды, чөп чайын татып көрүшүп, Кыргызстандын тоолуу аймактарында өндүрүлгөн табигый азыктардын даамын жогору баалашты.

Японияга болгон иш сапарынын алкагында Динара Кемелова Япониянын Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинин, JICAнын жана Токиодогу БУУнун университетинин өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. 2027-жылга чейинки тоо күн тартиби боюнча кызматташуу пландары, анын ичинде тоо продукцияларын бренддөө, экотуризм жана корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Япониянын өкүлдөрү калктуу конуштарды токой жана тоолор менен шайкештикте өнүктүрүүнү караган “Сатояма” япон демилгеси жөнүндө айтып беришти.

Бул аймактардын жашоочулары тоолуу экосистемаларда жашоонун тең салмактуулугун таап, алардын саламаттыгын сактап, жаратылышка аяр мамиле жасап, ошол эле учурда суу жана азык-түлүк түрүндө табияттан пайда алып келишет.

Связанный пост