Кыргызстан эгемендүүлүгү: Курулуш тармагында аткарылып жаткан иштер

31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 115 социалдык объект пайдаланууга берилет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги 2025-жылга белгиленген пландын негизинде 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 115 социалдык объекттинин курулушун жана капиталдык оңдоо иштерин аяктады.
Белгилей кетсек, 2024-жылы Эгемендүүлүк күнүнө карата 107 объект пайдаланууга берилсе, быйыл бул көрсөткүч 115ке жетти.
Алардын ичинен:
– 63 жалпы билим берүүчү орто мектеп;
– 19 бала бакча;
– 11 саламаттыкты сактоо мекемеси;
– 13 спорттук жай;
– 3 маданий жай
– 6 башка тармактагы объект пайдаланууга берилет.
Кошумчалай кетүүчү жагдай, республикалык бюджеттен 10 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнүп, жогорудагы 115 объектинин курулуш иштерине жумшалды.
Мындан тышкары, 2025-жылдан аягына чейин 100дөн ашык социалдык жана инфратүзүмдүк объектини пайдалануу берүү пландалган.