Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт азыктарын экспорттоонун көлөмүн көбөйтөт

 Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт азыктарын экспорттоонун көлөмүн көбөйтөт

Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарына ЕАЭБ өлкөлөрүндө суроо-талап көбөйдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, мисалы, 2024-жылы өлкөдөн 33 миң тоннадан ашык сүт жана сүт азыктары экспорттолгон.

Анын ичинде өткөн жылы экспорттун жалпы көлөмү 33374,7 тоннаны түзгөн. Анын ичинде:

– сыр – 1451,6 тонна,

– Шоро – 120,8 тонна,

– курут – 3,3 тонна,

– сары май – 1881,8 тонна,

– балмуздак – 4480,1 тонна,

– каймак – 660,8 тонна,

– кургак сүт – 1212,4 тонна,

– пастерленген сүт – 124,0 тонна.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3164,5 тоннага көп, экспорттун көлөмү 30210,2 тоннаны түзгөн.

Связанный пост