Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен ИДПнын өсүшү боюнча алдыда

 Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен ИДПнын өсүшү боюнча алдыда

Акыркы бир жылдын ичинде Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен ИДПнын өсүшү боюнча алдыга чыкты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын интеграция өнүктүрүү секторунун башчысы Каниет Насирдинов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын январь айынан апрель айына чейинки убакытты алсак Кыргызстандын ИДПсы 11,7 пайызга өскөн.

“Жыл ичинде көп экономикалык өсүштөргө жетиштик. Мисалы, январдан апрель айына чейинки убакытты салыштырсак, Кыргызстандын ИДПсы 11,7 пайызга өссө, Казакстанда 8,5 пайызга, Арменияда 4,1 пайызга өскөн. Кыргызстан экономикалык өсүш боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орунда турат. Мында соода жүгүртүүнүн таасири чоң. Ошондой эле Россия, Казакстанда жана башка ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеп жаткан жарандарыбыздын которгон акчаларынын көбөйгөндүгү да бул көрсөткүчтөргө жетүүгө түрткү берүүдө”,- деди Насирдинов.

Министрликтин өкүлү маалымдагандай, негизги көрсөткүчтөр экономикалык ар бир секторго пайда алып келүүдө.

“Жалпы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бардык экономикаларын бириктирсек, 10 жылдын ичинде ички дүң продукция 18 пайызга, өндүрүш тармагы 30 пайызга көтөрүлгөн. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасындагы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 эсе өскөн”,- дейт ал.

Ошондой эле ЕАЭБге киргенибиздин 10 жылдыгына карата үстүбүздөгү жылдын 12-августунда Ысык-Көлдө Евразия өкмөттөр аралык кеңеши жана Кыргыз-Россия экономикалык форуму өтөрү кошумчаланды.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 12-августунда Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө мүчө болуп кирген. Учурда ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия мүчө мамлекеттер болуп саналат.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост