Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине талапкерлигин илгерилетүүдө

Бүгүн Пекин шаарында Кыргызстандын ШКУнун катчылыгындагы туруктуу өкүлү Рахман Аданов Борбор Азия мамлекет башчыларынын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоо учурунда Кыргызстандын талапкерлигин колдоого чакырган кайрылуусу тууралуу маалымат берди.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган кайрылууга Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунда кол коюлган.

Маалымат берүү иш-чарасына ШКУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү катышты.

Аданов аталган кайрылууда Борбор Азия мамлекет башчылары Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине талапкерлигин илгерилетүүсү аймактын эл аралык аренада тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого олуттуу салым кошууга болгон умтулуусун чагылдырарын белгилешкенин айтты.

Ал эгер Кыргызстан шайланып калса, БУУнун Коопсуздук кеңешинин жооптуу мүчөсү болуп глобалдык тынчтыкка жана коопсуздукка бекем берилгендигин, ошондой эле тынчтыкты сактоо, туруктуу өнүгүү жана заманбап глобалдык чакырыктарды чечүү боюнча эл аралык аракеттерге өз салымын кошууга умтуларын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандын ШКУ катчылыгынын алдындагы туруктуу өкүлү Саидкамол Агзамходжаев дагы сүйлөп, 2025-жылдын 16-ноябрында Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыктары тууралуу катышуучуларга маалымат берди.

Связанный пост