Кыргызстан бир катар өлкөлөргө тамеки продукциясын экспорттоодо

Ноокат району акыркы жылдары тамеки экспортуна өзгөчө көңүл буруп, көлөмүн көбөйткөн. Натыйжада Кыргызстандан Вьетнам, Греция, Россия жана Казакстанга жөнөтүлгөн тамеки продукциясынын экпорту өскөн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ноокат районундагы ишканалар тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча CJSC Constant Leaf Tobacco ишканасы тарабынан Вьетнамга 2023-жылы — 29,3 тонна, 2024-жылы — 60 тонна табигый тамеки экспорттолгон. Ал эми “Баек” (LLC “BAEK”) фирмасы тарабынан Грецияга ферменттелген тамекинин экспорту – 2024-жылы 154 тонна, 2025-жылы 170 тоннаны түзгөн.
Мындан тышкары, тамеки калдыктары боюнча дагы олуттуу экспорттук көрсөткүчтөргө жетишилди. Алсак, 2024-жылы Казакстанга 8 тонна, Россияга 561 тонна, 2025-жылы Россияга 378,4 тонна, Казакстанга 97 тонна тамеки калдыктары экспорттолгон.
Бул көрсөткүчтөр тамеки тармагындагы ишканалардын экспорттук потенциалы өсүп жатканын айгинелейт. Өзгөчө Европа жана Азия өлкөлөрүнө туруктуу экспорттун жолго коюлушу — аймактагы ишкердиктин жана айыл чарбанын өнүгүшүнө чоң салым кошууда.