Кыргызстан балмуздакты 2 эсе көп экспорттой баштады

 Кыргызстан балмуздакты 2 эсе көп экспорттой баштады

Акыркы 5 жыл аралагында Кыргызстанда балмуздак өндүрүүнүн көлөмү 5 миң 172 тоннадан 10 миң 824 тоннага чейин жеткен. Бул туурлуу Суу ресурстары, йыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал эми экспорттун көлөмү 2 миң 753 тоннадан 6 миң 111 тоннага чейин өскөн. Негизинен Кыргызстанда өндүрүлгөн продукция Казакстан, Өзбекстан жана Россияга экспорттолот.

“Ошол эле учурда КМШ өлкөлөрүндө кыргыз балмуздагы чоң суроо талапка ээ. Аны менен бирге акыркы убактарда балмуздакты импорттоонун динамикасы да жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, импорттун көлөмү 2 миң 788 тоннадан 1 миң 969 тоннага чейин азайган”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост