Кыргызстан 2024-жылы тышкы карызды төлөөгө 400 млн доллар жумшайт

 Кыргызстан 2024-жылы тышкы карызды төлөөгө 400 млн доллар жумшайт

April 26, 2022, Haian, Jiangsu, China: HAIAN, CHINA – APRIL 26, 2022 – A staff member counts US dollar notes at a bank in Haian, East China s Jiangsu province, April 26, 2022. The People s Bank of China (PBOC), the central bank, decided on Thursday to cut the foreign exchange reserve ratio (RRR) for financial institutions by 1 percentage point from the current 9 percent to 8 percent starting May 15, 2022, in a bid to improve their ability to use foreign exchange funds. (Credit Image: Global Look Press/Keystone Press Agency)

Кыргызстан 2024-жылы тышкы карызды төлөөгө 400 млн доллар жумшайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарына иш сапары менен барган учурда билдирди.

Анын айтымында, акыркы 3 жылда өлкөнүн консолидацияланган бюджети 329,2 млрд сомго өстү. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, 2023-жылы профицит 13,5 млрд сомду түзгөн.

“Мындай профицит биздин тарыхыбыздагы эң чоң сумма. Келерки жылы 600 млрд сомдон ашык бюджетке жетишүүнү пландап жатабыз. Бул үчүн мамлекет айына 58 млрд сом, күнүнө 1,9 млрд сом, саатына 80 млн сом киреше алышы керек. Биз тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн туу чокусунда турабыз.

Ири суммалар 2030-жылга чейин төлөнөт: 2023-жылы – 344 млн, 2024-жылы – 400 млн, 2025-жылы – 430 млн, 2026-жылы – 390 млн доллар. Биз баарыбыз “Кыргызстан” деген бир кайыктабыз, андыктан ар бир адамдын эмгеги, салымы керек. Биз бир команда болуп иштешибиз керек”, – деди Акылбек Жапаров.

Связанный пост