Кыргызстан өзбек килемдерин эң көп импорттогон өлкө болду

2025-жылдын январь-июнь айларында Өзбекстан Кыргызстанга 1 млн 86 миң чарчы метр килем экспорттоду. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады.
Аталган мезгилде Өзбекстан жалпы 3,6 млн чарчы метр килем экспорттоп, андан түшкөн киреше 10,8 млн долларды түздү.
Өзбек килемдеринин негизги сатып алуучулары болуп Кыргызстан (1 086 миң чарчы метр), Азербайжан (969 миң), Афганистан (725 миң), Россия (429 миң) жана Казакстан (334 миң) эсептелет.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 11 айында Азербайжан өзбек килемдерин эң көп импорттогон өлкө болгон.