“Кыргызцентрпродукт” эл аралык стандарттагы тоңдурулган азыктарды өндүрүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Москва районундагы “Кыргызцентрпродукт” айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, компания жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, тоңдуруу жана таңгактоо боюнча алдыңкы ишканалардын жана ишканада Европанын алдыңкы технологиялары колдонулат.

Ишкананын өндүрүш линиялары толук циклди камтыйт. Ал чийки затты кабыл алуу жана иргөөдөн баштап, жууп-тазалоо, туурап кесүү, тоңдуруу (IQF), таңгактоо жана даяр продукцияны сактоого чейинки процесс. Колдонулган жабдуулар продукциянын даамын, түзүмүн жана азыктык баалуулугун сактоого шарт түзөт.

Продукциянын ассортименти төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • тоңдурулган жашылчалар (брокколи, гүл капуста, болгар калемпири, помидор, баклажан жана башкалар);
  • жемиштер жана мөмөлөр (алча, кара өрүк, малина, кулпунай жана башкалар);
  • HoReCa жана чекене соода тармактары үчүн жашылча жана мөмө-жемиш аралашмалары.

Бардык продукциялар эл аралык сапат жана коопсуздук стандарттарына жооп берет. Ишканада HACCP жана ISO 22000 тутумдары киргизилип, туруктуу кармалып турат. Чийки зат негизинен Кыргызстандын дыйкан чарбаларынан алынат, бул продукциянын экологиялык тазалыгын жана жаңы экендигин камсыздайт.

Связанный пост