“Кыргызалтын” жылдын I жарымында рекорддук киреше алды

“Кыргызалтын” ААКтын 2025-жылдын биринчи жарымындагы кирешеси рекордго жетти. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 6 айында компаниянын таза кирешеси 17 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,9 эсеге өскөн.
“Мындай натыйжага компаниянын айрым аймактарын натыйжалуу башкаруунун жана оптималдаштыруунун аркасында жетишилди”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бүгүнкү күндө “Кыргызалтын” ААК бардык бөлүмдөрдүн финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча артыкчылыктуу багытты карманууда, ошондой эле киреше алуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.