“Кыргызалтын” ишканасы Тажикстандын алдыңкы тоо-кен компаниялары менен келишим түздү

«Кыргызалтын» ААК менен Тажикстандын тоо-кен компаниялары кызматташтык боюнча меморандумдарга кол коюшту
Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстанга Тажикстандын премьер-министринин биринчи орун басары Х. Холикзоданын жетекчилиги алдында ири бизнес-делегация келди. Иш сапардын негизги максаты – эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен таанышуу жана өнөр жай чөйрөсүндө кызматташуу боюнча макулдашууларга жетишүү болду.
Белгиленгендей, тажик делегациясы бир катар алдыңкы кыргыз ишканаларында, анын ичинде «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунда жана «Кыргызалтын» ААКда болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Кыргызалтын» ачык акционердик коому Тажикстандын тоо-кен тармагындагы алдыңкы ишканалар – «Талко Голд» ЖАК, «Тажик-кытай тоо-кен өнөр жай компаниясы» ЖЧК жана «Пакрут» ЖЧК менен кызматташуу боюнча бир катар меморандумдарга кол койду.
Мындан тышкары, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка караштуу унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү жана калыбына келтирүүчү завод менен да кызматташуу максатында документке кол коюлду.
Кол коюлган меморандумдар төмөнкү багыттарды камтыйт:
- Тоо-кен тармагын биргелешип өнүктүрүү;
- Заманбап технологияларды киргизүү;
- Өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
- Жаңы жумуш орундарын түзүү.
Белгилей кетсек, «Кыргызалтын» ААК – Баалуу металлдардын Лондон ассоциациясынын «Good Delivery» статусуна ээ болгон ишенимдүү эл аралык өнөктөш. Компания алтын аффинажы жана алтын куймаларын өндүрүүдө өлкөдөгү жалгыз ишкана болуп саналат жана Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине олуттуу салым кошуп келет.